БООРУ ТүТПөө
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Чыдай албай жан тартуу, кыйып кете албоо, аяп туруу, имерчиктөө. Боорум түтпөй... жесир энең, жетим бөбөктөрүң менен көчүрүп баратам (Бейшеналиев). Алмакуңдарды көргөндө, кантсин, боору түткөн жок. («Ала-Тоо»). Боору түтпөй Төлөмүштөн бир туугандык жакшылык күтүп жүрүшөт (Бердикеев). В.: Боору толгонуу. Кемпирдин боору толгонуп, ырайым этип, ырчыны бошоткон экен (Бейшеналиев). Устасынын боору толгонуп, жаш баладай кыялга жетеленгенин кыйбайт (Бейшеналиев). Боору чыдабоо. Анан айласыздан боору чыдабай жалгыз эчкисин дагы кармата берет (Алыбаев).